• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык спортчулар пауэрлифтинг боюнча Европа чемпиондорунун кубогунда 12 медаль багындырышты

Спорт 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар пауэрлифтинг боюнча Европа чемпиондорунун кубогунда 12 медаль багындырышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Россиянын Геленджик шаарындагы мелдеште кыргызстандык спортчулар 11 алтын, бир күмүш уткан.

Кыргызстандын атынан Ким Александра, Азимжан Кадыров, Эрназар Асанов, Дмитрий Дороженко, Гүлжана Нурлаева катышкан.

Пикир

Оставить комментарий