• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык спортчулар пенчак силет боюнча дүйнө чемпионатында эки медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 28.04.18. /Кабар/. Пенчак силет боюнча Кыргызстандын курамасы Таиландда өткөн дүйнө чемпионатында 2 коло медаль утту. Бул туралуу КРнын аталган спорттун түрү боюнча федерациясынын президенти Каныбек Бикбоев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын атынан өлкөнүн жергиликтүү мелдештеринде жеңишке жеткен 9 спортчу барган.

Чемпионаттын жеңүүчүлөрү Джакартада (Индонезия) 18-августтан 2-сентябрь күндөрү өтө турган Азия оюндарына катышат.

Пикир

Оставить комментарий