• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык спортчулар Россиядагы кышкы универсиадага катышат

Спорт 0

Бишкек, 28.02.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Россиядагы XXIX Дүйнөлүк кышкы универсиадага катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Аталган мелдеш 2-12-март күндөрү Красноярск шаарында өтөт. Жарыштар спорттун 11 түрү боюнча болот: биатлон, керлинг, лыжа жарышы, сноуборд, хоккей ж.б.

Ал эми биздин спортчулар спорттун 3 түрү боюнча таймашка чыгышат: Маским Гордеев, Евгений Тимофеев – лыжа жарышы, Эльзар Абдыракманов, Алымбек Калыс уулу – багыттык спорт жана Алексей Вакурин – сноуборд.

Пикир

Оставить комментарий