• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык спортчулар самбо биринчилигинде 2 медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 14.10.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар самбо боюнча жаштар арасында Дүйнө биринчилигинде 2 медаль багындырышты. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациясынын сайтында жарыяланды.

Турнир дем алыш күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн.

Алай Сартов 65 кг чейинки салмакта катышып, мелдештин үчүнчү орунуна татыган. Ошондой эле, Жусуп Шакиров 56 кг чейинки салмак ченинде күрөшүп, коло байгени жеңип алды.

Пикир

Оставить комментарий