• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык спортчулар шахмат боюнча эл аралык мелдеште 3 алтын медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 21.08.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда шахмат боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Шахмат федерациясынан билдиришти.

Мелдеш 8-18-август күндөрү болуп, ага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын спортчулары катышкан.

Чоңдор арасында Руслан Съездбеков (Кыргызстан) мыкты чыкса, экинчи орунга Казакстандан келген Евгений Пак илинген. Үчүнчү орунду өзбекстандык Таир Вахидов алган.

8 жашка чейинкилер арасында Дастан Ибраимов жеңүүчү болсо, Атай Акымбеков экинчи орун, Ханболот Асанбаев (Кыргызстан) үчүнчү орунга жайгашкан.

12 жашка чейинкилер арасында алтын медалды казакстандык Алтаир Кажмуратов утса, Элим Кеңешбеков күмүш, ал эми Алишер Жеңишбеков коло медаль тагынышкан (Кыргызстан).

Өспүрүмдөр арасында Нурбай Акбарканов биринчи, ал эми Владислав Онуфриенко (Кыргызстан) экинчи болгон. Казакстандык спортчу Нурислам Мухтар үчүнчү орунду алган.

Пикир

Оставить комментарий