• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык спортчулар сурдлимпиадалык оюндарда эки медалга ээ болду — сүрөт

Спорт 0

Бишкек, 11.05.22. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Бразилиядагы сурдлимпиадалык жайкы оюндарында эки медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

1-15-май күндөрү Бразилиянын Кашиас-ду-Сул шаарында ХХIV сурдлимпиадалык жайкы оюндары өтүүдө. Ага Кыргызстандын атынан спорттун беш түрү боюнча 14 спортчу аттанган.

Азамат Мавлонов таэквандо боюнча 80 кг чейинки салмакта катышып, финалда кореялык спортчуга утулуп, күмүш медалга татыган.

Ал эми дзюдо боюнча Илгиз Каналбек уулу 100 кг салмактан жогоркулар арасында күчүн сынап, коло медаль тагынды.

Белгилей кетсек, сурдлимпиадалык оюндар — угуусу начар адамдардын спорттук мелдеши.

Пикир

Оставить комментарий