• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык спортчулар таэквондо боюнча Дүйнө кубогунда 18 алтын медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 06.10.22. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар таэквондо GTF боюнча Дүйнө кубогунда 18 алтын медаль багындырды. Бул тууралуу Кыргызстандын таэквондо GTF федерациясынан билдиришти.

Казань шаарында 28-сентябрдан 3-октябрга чейин эл аралык мелдеш өтүп, ага 16 өлкөдөн 750дөн ашык спортчу катышты. Кыргызстандын атынан 19 спортчу катышып, 30 медаль багындырды: 18 алтын, 9 күмүш жана 3 коло медаль.

Спарринг (массоги) боюнча төмөнкүлөр чемпион аталды:

- Лейсан Аджиходжаева

- Сезим Жумабекова

- Ханболот Эрнисбек уулу

- Данияр Максатов

- Рахимжан Ибраев

- Султан Мусаев

- Каныкей Алтынбекова

- Искендер Сыдыкакпаров

Экинчи орун:

- Эдилжан Артыкбаев

- Урмат Аликов

- Аяжан Асанбекова

Үчүнчү орун:

- Мирбек Сапарбеков

Пойнт-стоп түрү боюнча төмөнкүлөр чемпион аталды:

- Адилет Абдыбеков

- Лейсан Аджиходжаева

- Мирбек Сапарбеков

- Рахимжан Ибраев

- Султан Мусаев

- Данияр Максатов

- Ханболот Эрнисбек уулу

- Каныкей Алтынбекова

- Искендер Сыдыкакпаров

Экинчи орун:

- Ануарбек Ибраев

- Урмат Аликов

- Курманбек Захретдинов

Үчүнчү орун:

- Зарина Кайбагарова

Хьёнг түрү боюнча төмөнкү спортчу чемпион аталды:

- Зарина Кайбагарова

Экинчи орун:

- Аяжан Асанбеков

- Урмат Аликов

- Лейсан Аджиходжаева

Ал эми жалпы командалык көрсөткүчтө Кыргызстандын курамасы экинчи орунга илинди. Биринчи орунда Россия, үчүнчүдө Өзбекстан жайгашты.

Пикир

Оставить комментарий