• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык спортчулар таэквондо боюнча Евразия Кубогунда 6 медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 18.06.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар таэквондо боюнча Евразия Кубогунда 6 медаль утту. Бул тууралуу Таэквондо федерациясынан билдиришти.

Мелдеш Фергана шаарында 13-17-июнь күндөрү болуп өткөн. Ага Өзбекстан, Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Түркиядан 800дөн ашык спортчу катышкан.

Кыргызстандык спортчулар бул мелдеште бир алтын, эки күмүш жана үч коло уткан.

Чоңдор арасында 75 килограмм салмакта Хамрозбек Рузибаев алтын уткан. 16-17 жаштар арасында Асадбек Тажибаев (58 кг) экинчи орун алса, А. Анасхон (70 кг) үчүнчү болгон.

7-8 жаштагы балдар арасында Хожиябон Умаржанов күмүш, Ойбек Абдурахимов коло уткан. 10 жаштагы Б. Шермаматов үчүнчү болгон.

Пикир

Оставить комментарий