• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык спортчулар тай боксу боюнча дүйнө чемпионатында күмүш жана коло медаль тагынышты

Спорт 0


Бишкек, 31.07.18. /Кабар/. Студенттер арасындагы тай боксу боюнча дүйнө чемпионатында тай боксу боюнча улуттук курама команданын спортчулары Бекжан Матысаев жана Арген Керимбеков күмүш жана коло медаль утуп алышты. Бул тууралуу Тай бокс федерациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Чемпионат Таиланддын Паттайе аймагында 21-30-июль күндөрү аралыгында өткөн. Кыргызстандын курама командасы 3 адамдан турган: Бекжан Матысаев (67 кг), Арген Керимбеков (60 кг), Уларбек Бакытов (52 кг).

Маалыматка караганда, бардык спортчулар жакшы техниканы көрсөтүшүп, алдына коюлган тапшырмаларды 100 пайызга аткарышкан.

Бекжан Матысаев Венгрия, Словениядан келген спортчуларды жеңип, таиланддыктан жеңилип, күмүш медаль тагынган.

Ал эми Арген Керимбеков япониялык спортчу менен беттешип, аны 30:27 эсебинде уткан. Ал эми экинчисинде беларустук спортчудан жеңилип, коло медалга ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий