• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандык спортчулар таяк тартыш боюнча Дүйнө кубогунун II этабында 15 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар таяк тартыш боюнча Дүйнө кубогунун II этабында 15 медаль жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 16-21-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарында өтүп, 12 өлкөдөн 100дөн ашык спортчу катышты.

Спортчулар эки алтын, төрт күмүш жана тогуз коло медаль багындырышты.

Алтын медалды Кымбат Нуржанова, Элдос Айтбаев, күмүштү Бекмырза Токтошев, Дильбара Иманканова, Айжан Анарбекова, Аскарбеков Адилет, колону Азамат Асанов, Адилет Имашов, Нургазы Барманов, Бекжан Өмүралиев, Улук Усупбаев, Келдибек Атайбек уулу, Айгерим Жайлообекова, Эльдана Болотбекова, Дилдора Рахманова алды.

Пикир

Оставить комментарий