• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык спортчулардын Дүйнө чемпионатынан кийин рейтинги көтөрүлдү

Спорт 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынан кийин United World Wrestling уюмунун рейтингинде алдыңкы саптарга көтөрүлдү. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында айтылат.

Эскерте кетсек, Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы (кыз-келиндер арасында) коло, Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү) күмүш, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло медаль багындырган.

Мелдештен кийин кыргыз балбандарынын рейтинги тизменин алдыңкы саптарына чыкты.

Чемпионатта алтын уткан Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта United World Wrestling уюмунун тизмесинин биринчи орунун сактап калды. Ал эми Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта тизменин үчүнчү орунунан экинчи сапка көтөрүлдү. Биринчи орунда америкалык Тамира Менса турат. Менса Токио Олимпиадасынын жеңүүчүсү болуп саналат.

Ослодо коло байге жеңген Айпери Медет кызы (76 кг) бир сапка көтөрүлүп, төртүнчү орунга жайгашты.

Грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалга ээ болгон Жоламан Шаршенбеков үчүнчү сапка, эркин күрөш боюнча спортчу Эрназар Акматалиев (күмүш медаль) тизменин үчүнчү орунуна, коло байгенин жеңүүчүсү Алибек Осмонов тогузунчу сапка көтөрүлдү.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын атынан Дүйнө чемпионатына жалпы 15 балбан барган.

Пикир

Оставить комментарий