• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык спортчулардын Швейцариядагы кышкы Олимпиада оюндарындагы жетишкендиктери

Спорт 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар кечээ, 19-январда өспүрүмдөр арасында III кышкы Олимпиада оюндарындагы мелдешке катышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинен билдиришти.

Оюндар Швейцариянын Лозанна шаарында өтүүдө.

Елена Бондарец лыжа тээп чуркоо мелдешине катышкан. Анын убактысы 3 саат 43 мүнөт болуп, жалпы көрсөткүчтө 77-орунга илинген.

Олимпиада оюндарына алгачкы ирет катышкан Ислам Турганбаев лыжанын эркин спринт түрү боюнча катышып, 85-орунга татыган. Ал эми лыжанын спринт жарышында маарага 6 саат 3 мүнөттө келип, 81-орунду ээледи.

Кыргызстандык спортчулар 21-январда дагы мелдештерге катышат.

Пикир

Оставить комментарий