• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык спортчуларга стипендия катары 19 млн. сомдон ашык акча төлөнгөн

Спорт 0

Бишкек, 06.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги спортчулар үчүн 19 миллион 810 миң сом стипендия бөлгөн. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кароого алынып жаткан мезгил ичинде стипендия ээлеринин орточо саны 142 спортчу. Май айында 154 спортчуга 3 миллион 600 миң сом, июнь айында 133 спортчуга 245 миң сом төлөнгөн.

Январь айынан тартып 60 миң сом пособияны мурунку жылы Азия оюндарынын жеңүүчүлөрү Дарья Маслова, Айсулуу Тыныбекова жана Төрөкан Багынбай уулу алышкан. Ай сайын 50 миң сом Магомед Мусаев, Алмазбек Исаков (эркин күрөш), Каныбек Жолчубеков, Эрбол Бакиров, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбековго (грек-рим күрөш) берилген.

2018-жылы Алыш күрөшү боюнча Дүйнө биринчилигинде алтын медаль уткан Эсенбек Кудайбердиев жана Нурзат Бактияр кызы 25 миң сом алышкан. Күмүш байгеге ээ болгон Мадаминбек Шаршеналы уулу, Анара Рыскулова жана Мээрим Момуновага 20 миң сом берилген.

Үчүнчү орунду алган Сапармурат Нурмамат уулу, Кадыр Келсинбеков жана Нагира Сарбашовага 15 миң сом төлөнгөн.

Пикир

Оставить комментарий