• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык студент Санкт-Петербургда өткөн Жаштар парламенттик мектебинин мыкты катышуучусу болду

Билим 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Кыргызстандык студент Санкт-Петербургда өткөн Жаштар парламенттик мектебинин мыкты катышуучусу болду.

ОшМУнун басма сөз кызматы билдиргендей, аталган университеттин Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин орус жана евразиялык интеграция бөлүмүнүн аймак таануу адистигинин 4-курсунун студенти Болот кызы Айгерим КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын штаб-квартирасында 29-ноябрдан 4-декабрга чейин өткөн студенттик дебаттардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышты.

Болот кызы Айгерим "Дүйнө өлкөлөрүнүн шайлоо системалары" деген темадагы интернет-олимпиадада жеңүүчү аталып, I даражадагы дипломго ээ болгон. Айгерим Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн 30 жылдыгына арналган “Жаштар парламентаризми КМШ өлкөлөрүнүн туруктуу саясий өнүгүүсүнүн жана өнөктөштүгүнүн негизи” эл аралык жаштар парламенттик мектебине катышып келди.

“Биз Кыргызстандан 2 студент бардык. Жалпысынан Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдовия, Россия, Өзбекстан, Украина, Түркмөнстан жана Сербиядан эл аралык байланыштар, аймак таануу, саясат таанууадистиктеринде билим алган, интернет-олимпиаданын жеңүүчүлөрү катышты.

Программага ылайык, КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин катчылыгынын иш процесси менен тааныштык. «Эл аралык парламентаризм», «Эл аралык мамлекеттик уюмдарды маалыматтык колдоо боюнча мастер-класстар» деген темаларда алдыңкы адистердин жана эксперттердин лекцияларын уктук. Ошондой эле Таврический сарайынын Дума залында “Электрондук добуш берүү: макул жана каршы” темасында 2 командага жаштар парламенттик мектебинин курама командасы жана КМШнын курама командасы деген темаларда илимий дебаттар өттү.

Мен КМШнын курама командасынын спикери болуп жарандар социалдык түйүндөрдөгү аккаунттары аркылуу добуш бере алгыдай электрондук добуш берүүнү жөнөкөйлөштүрүүнү жактадым. Жыйынтыгында биздин команда жеңүүчү болду. Сыйлыктарды КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин башкы катчысы Дмитрий Кобицкий тапшырды”, - деди Болот кызы Айгерим.

Иш-чара КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын Демократияны өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү боюнча эл аралык институту, Евразия-Волга чөлкөмү маалымат-аналитикалык борбору жана Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультети тарабынан уюштурулган. Долбоор Россиянын президентинин гранттык фондунун колдоосу менен ишке ашырылды.

Пикир

Оставить комментарий