• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстандык студенттер Сербияда гранттык негизде билим алат

Билим 0

Бишкек, 16.03.23./Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Сербия мамлекетинде иш сапар менен болду. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Анын алкагында Сербиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүдө "Сербиядагы тынчтык" программасы боюнча кыргызстандык студенттер үчүн беш гранттык квота бөлүү тууралуу макулдашуу жетишилди.

"Студенттер толук гранттык негизде окушмакчы, жатакана жана тамак-ашы да камтылган. Андан тышкары, ай сайын 15 миң динар стипендия алышмакчы", - деп айтылат маалыматта.

Сербиянын Нови-Сад шаары 2019-жылы Европанын жаштар борбору болуп саналып, бир жылда 1400 иш-чара өтүп, 4 млн. евродон ашык каражат бөлүнгөнүнө кабардар болгон Марат Тагаев Кыргызстан Сербиянын жаштар борборлорунан алчу тажрыйбалар көп экенин белгилеп өттү.

Андан тышкары, Марат Тагаев жаштардын жана балдардын укугунун корголушу багытында Сербиянын Тең укуктуулукту коргоо комиссары жана Воеводина автономдуу облусунун омбудсмени менен жолугушту.

Пикир

Оставить комментарий