• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр БА чемпионатынын 2-күнүндө дагы 3 "алтын" утуп алышты

Спорт 0


Бишкек, 28-апрель /Айжамал Дуйшоева-Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Ашхабадда (Түркмөнстан) өтүп жаткан сууда сүзүү боюнча Борбор Азия чемпионатынын экинчи күнүндө дагы 3 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу КРнын сууда сүзүү федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-27-апрелде Ашхабадда сууда сүзүү боюнча Борбор Азия чемпионаты өттү.

Чемпионатка Кыргызстандан 5 спортчу: Владислав Шулико, Артем Камарда, Темирлан Каратаев, Станислав Карнаухов, Кристина Панасенко катышты. Мелдештин биринчи күнүндө кыргызстандыктар 5 медаль – 3 “алтын”, “күмүш” жана “коло” утушкан.

Экинчи күнүндө, 27-апрелде чемпионатта Кыргызстан курамасы өзүнүн кутусун дагы 3 “алтын” медаль менен толуктады.

С.Карнаухов эркин стилде 50 метрди 23,18 секундда сүзүп өтүп жеңүүчү болду. К.Панасенко дагы брасс түрү боюнча 50 метр аралыкта, В.Шулико баттерфля стили боюнча 100 метр аралыкта биринчи болушту.

Пикир

Оставить комментарий