• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык сулууга виза берилбей, дүйнөлүк сулуулук сынагына катышпай калды

Коом 0

Бишкек, 26.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык модель Бегимай Карыбекова “Кыргызстан сулуусу – 2017” наамынын ээси Кытайда өтүүчү “Аалам сулуусу – 2017” сынагына катышпай калды, ага виза берүүдөн баш тартышкан.

Карыбекова Instagram баракчасында билдиргендей, визаны күтүп жаткан кезде сынак башталып, ал кечигип калган.

“Биз жооп күтүп жаткан кезде ал жакта сынак башталып калды”,-деп колдоо көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирген.

“Мени ар дайым колдоп тургандардын барына рахмат. Президенттин аппаратына жана вице-премьер Чолпон Султанбековага терең ыраазычылыгымды билдирем. Ошондой эле ЖМК өкүлдөрүнө да ыраазычылык”,-дейт ал.

Эске сала кетсек, мурда Карыбекова бардык документтерди чогултуп, алып барганына кабабай ага Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги виза бербей жаткандыгын айткан.

Белгилей кетсек, Карыбекова бир катар эл аралык сулуулар сынактарында катышкан. Мурда ал “Miss Tourism Eurasia” сынагында Гран-прини багындырган. Ошондой эле Кыргызстандын атынан “Top Model Of The World 2016” жана “Miss Intercontinental 2016” сынактарында да катышкан.

Пикир

Оставить комментарий