• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык Сусанна Егорян “World Next Top Model” сынагында биринчи вице-мисс наамына ээ болду

Маданият 0

Бишкек, 7-август /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Сусанна Егорян “World Next Top Model” сулуулар сынагындагы биринчи вице-мисс наамын утуп алды.

“Кыргызстан сулуусу” сынагынын уюштуруучусу Таттыбүбү Самиддин кызы билдиргендей, сынак Ливанда 14-июлдан 5-августка чейин өттү. Кечээ финал болду. Таажы жана 5 миң доллар өлчөмүндөгү баш байгеге 49 мамлекеттин сулуулары ат салышкан.

Сынактын жеңүүчүсү болуп Индиялык Шерил Чарлез табылды, экинчи орунду Марокколук Далале Газзали жеңди.

Егорян “Кыргызстан сулуусу 2017” сынагынын алкагындагы “Мисс подиум” наамын жеңип алганы үчүн эл аралык сынакка катышуу мүмкүнчүлүгүн алган.

“Miss World Next Top Model” сынагы ар жыл сайын дүйнөнүн ар кайсы шаарларында 2010-жылдан бери өткөрүлүп келет. Сынактын баш байгеси 5 миң АКШ доллары жана сынактын жеңүүчүсү алдыңкы моделдик агенттиктер менен келишим түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Пикир

Оставить комментарий