• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Монакодогу мелдеште коло утту

Спорт 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. Кыргызстандык суучул Денис Петрашов XXXII жайкы Олимпиада оюндарына даярдык көрүү максатында лицензиялык “Маре Нострум” эл аралык мелдешинин этаптарына катышты. Бул тууралуу Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча федерациясынан билдиришти.

Мелдеш 29-30-май күндөрү Монте-Карлодо шаарында өттү.

Денис Петрашов брасс түрү боюнча 100 метр аралыкты 1 мүнөт 01,96 секундда сүзүп өтүп, коло медаль жеңди.

Пикир

Оставить комментарий