• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Олимпиада оюндарында 27-орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 24.07.21. /Кабар/. Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында 27-орунду ээледи. Ал бүгүн 100 метрлик аралыкка брасс ыкмасында сүзүү боюнча жарышка чыккан.

49 спортчу катышкан жарышта кыргызстандык Петрашов аралыкты 1 мүнөт 0,23 секундда сүзүп өтүп, 27чи болуп келген. Өзүнүн тайпасында үчүнчү орунга илинип, бирок жыйынтыктоочу көрсөткүчтө ал жарым финалга өтө алган эмес. Ал жакка мыкты жыйынтык көрсөткөн 16 суучул илинген.

Ошондой эле Петрашов 2021-жылдын 27-июлунда брасс 200 метр аралыкта катышат (19:50 Япония убактысы) (16:50 Бишкек убактысы).

Пикир

Оставить комментарий