• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык суучулдар Азия биринчилигинде дагы 2 медаль багындырышты

Спорт 0

Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. Кыргызстандык суучулдар Индияда өтүп жаткан сууда сүзүү боюнча Азия биринчилигинде дагы эки медаль багындырышты. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациясынан кабарлашты.

Мелдеш Индиянын Банголор шаарында өтүп жатат. Ага 35 өлкөнүн суучулдары катышууда.

Турнирдин экинчи күнүндө Кыргызстандык спортчулар 2 медаль утушту. Денис Петрашов 50 метр аралыкка брасс түрү менен сүзүүдө күмүш байгени жеңди. Елизавета Рогожникова 400 метр аралыкка комплекстүү сүзүүдө үчүнчү орунга илинди. Анын убактысы 5.01.48 түзүп, Кыргызстандын рекордун жаңыртты.

Эскерте кетсек, сууда сүзүү боюнча мелдештин алгачкы күнүндө улуттук курам 2 күмүш, бир коло медаль уткан.

Пикир

Оставить комментарий