• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык суучулдар Германиядагы мелдештерде жаңы рекорддорду коюшту

Спорт 0

Бишкек, 6-март /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Спортчулар Елизавета Рогожникова жана Владислав Шулико Берлиндеги International Swim Meeting эл аралык турниринде Кыргызстандын жаңы рекорддорун коюшту. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик жаштар, дене тарбия спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сууда сүзүү боюнча “International Swim Meeting” мелдеши 3-5-мартта Берлин (Германия) шаарында өттү. Ага дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн суучулдар катышты. Алар: Румыния, Австрия, Норвегия, Греция, Латвия, Улуу Британия, Швеция, Словакия, Бразилия, Германия, Нидерланд, Мальта, Бельгия, Швейцария, Чехия, Дания, Албания, Беларусь, Россия, Венгрия, Финляндия, Ирландия, Польша, Сербия жана Кыргызстан.

“Елизавета Рогожникова 50 метр баттерфляй, 400 метр комплекстүү сүзүү жана 200 метр комплекстүү сүзүүдө Кыргызстандын рекордун жаңыртты. Ал спорт чеберине талапкердин ченеми болгон 100 метрлик эркин сүзүү аткарды. Владислав Шулико 25.37 секундда 50 метр баттерфляй аткарып, Кыргызстандын рекордун койду”, - деп билдирди басма сөз кызматы.

Кыргызстан курама командасынын жыйынтыктары:

Денис Петрашов – 2-орун (29.30) 50 м, брасс;

Денис Петрашов – 1-орун (1.03.90) 100 м, брасс;

Денис Петрашов – 1-орун (2.17.37) 200 м, брасс;

Кирилл Вайс 3-орун (28.74) (рекорд КР) 50 м, брасс;

Кирилл Вайс 2-орун (1.02.90) (рекорд КР) 100 м, брасс;

Иван Пантелеев 3-орун 50 чалкасынан (32.65) 50 м, чалкасынан;

Иван Пантелеев 1-орун (1.10.51) 100 м, чалкасынан;

Азиз Сансызбаев 2-орун (59.59) 100 м, баттерфляй;

Темирлан Каратаев 3-орун (53.88) 100 м, эркин сүзүү.

Пикир

Оставить комментарий