• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык суучулдар Словениядагы мелдештен ийгиликтүү кайтышты

Спорт 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Кыргызстандык суучулдар Словениядагы эл аралык мелдеште ийгиликтүү болуп, бир нече медаль утушту. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн Федерациясынан билдиришти.

Аталган мелдеште 200 метр аралыктагы жарышта кыргызстандык спортчу Елизавета Рогожникова алтын медаль, ошондой эле күмүш (100 м) жана коло медаль уткан.

Дагы бир алтын медалды Артем Иванов жеңген.

Арина Ким 50 жана 100 метр аралыктагы жарышта экинчи орун алган. Денис Петрашов 100 метрлик жарышта экинчи жана 200 метрге жарышууда үчүнчү келген.

Владислав Шулико 100 жана 50 метрлик жарышта үчүнчү орунду алган.

Пикир

Оставить комментарий