• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык суучулдар Венгриядагы дүйнөлүк чемпионатка катышат

Спорт 0

Бишкек, 14-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык суучулдар Венгрияда өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатка катышат. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кезектеги 17-чемпионат Будапештте ушул жылдын 14-30-июлунда өтөт.

Анда катышкан спортчулар сууда сүзүүнүн 6 түрү боюнча күч сынашат: сууда сүзүү, ачык сууда сүзүү, сууга секирүү, хай-дайвинг, суудагы поло жана синхрондуу сууга сүзүү. Жалпысынан 76 комплект медаль ойнотулат.

Кыргызстанды аталган чемпионатта Кирилл Вайс, Денис Петрашов жана Дарья Талановалар тааныштырат.

Пикир

Оставить комментарий