• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр Словакиядагы турнирде мыкты жыйынтык көрсөтүштү

Спорт 0

Бишкек, 04.03.19. /Кабар/. Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр Словакияда өткөн Эл аралык турнирден тогуз байгелик орундарды ээлешти. Бул тууралуу КРнын сууда сүзүү федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, турнир дем алыш күндөрү Братислава шаарында өткөн.

Кыргызстандын намысын коргогон спортчулар 4 алтын, 3 күмүш жана 1 коло медаль утуп келишти.

Белгилүү Денис Петрашов 50, 100 жана 200 метр аралыктарында брасс стилинде сүзүү категориясында биринчи келип, үч алтын медалды жеңген. Ал эми Владислав Шулико аттуу спортчу 100 метрдик сүзүүдөн алтын ээлеп, баттерфляй категориясында “күмүш” алган.

Кыздар арасында Елизавета Рогожникова 200 метр аралыкта аркасында жана бош сүзүү категорияларында эки “күмүш” медалын жана 50 метрлик аралыкта “коло” медалын алган.

Пикир

Оставить комментарий