• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр Өзбекстандын лицензиялык ачык кубогунда күч сынашууда

Спорт 0

Бишкек, 27.11.20. /Кабар/. Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Денис Петрашов жана Елизавета Рогожникова Өзбекстандын лицензиялык ачык кубогуна катышууда. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 24-ноябрда Ташкент шаарында (Өзбекстан) старт алып, 29-ноябрда аяктайт.

Белгилей кетсек, спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын эсебинен иш-сапарга жөнөтүлдү

Пикир

Оставить комментарий