• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстандык таэквондочулар Евразия ачык чемпионатында 18 медаль утуп алышты

Спорт 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. Кыргызстандык таэквондочулар Евразия ачык чемпионатында 18 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Таэквондо федерациясынан билдиришти.

Мелдеш 21-27-октябрь күндөрү Түндүк Кипрдин Кирения шаарында өткөн.

Мелдеште кыргызстандык спортчулар 8 алтын, 8 күмүш жана 2 коло медаль утушкан.

Таэквондонун "хьенг" бөлүмүндөгү мелдеште Мирбек Сапарбеков, Курманбек Захретдинов, Арсен Таалайбеков, Нуртилек Иманали уулу жана Алмазбек Абдиллаевдер биринчи орун алган. Ал эми Асек Абдыбеков, Ханболот Эрнисбек уулу, Ырысбек Жаныбеков, Расул Сактановдор күмүш байгелүү болушкан.

"Массоги" түрү боюнча мелдеште Курманбек Захретдинов, Ханболот Эрнисбек уулу жана Ырысбек Жаныбеков алтын тагынса, Асек Абдыбеков, Мирбек Сапарбеков, Алмазбек Абдиллаев, Расул Сактанов экинчи болушкан. Ошондой эле Нуртилек Иманали уулу менен Арсен Таалайбеков үчүнчү орун алган.

Пикир

Оставить комментарий