• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык таэквондочулар Казакстанда өткөн турнирде үч медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 30.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Эл аралык ачык WTF “Almaty Open-Bars Cup” эл аралык турниринде үч медаль утушту. Мелдеш 25нен 30-октябрь күндөрү Алматы шаарында өткөн.

Машыктыруучу Азим Таджибаевдин айтуусуна караганда, Александр Айкимбаев 57 кг салмакка чейинки мелдеште жеңүүчү аталды, Акбар Айтахунов (80 кг чейин) күмүш, Максим Цхе балдар арасында (24 кг чейин) беттешке чыгып, коло байге багындырган.

Кыргызстандын атынан 20 спортчу барган.

Пикир

Оставить комментарий