• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык тасма Казакстанда өткөн фестивалда мыкты деп таанылды

Маданият 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. Кыргызстандык "Күн карама" тасмасы Казакстанда өткөн ATAU-2020 кинофестивалында "Мыкты даректүү тасма" деп таанылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Тасманын режиссеру – Чыңгыз Сулумбеков. Фестиваль 20-24-январь күндөрү Нур-Султан (Астана) шаарында болуп өткөн.

Аталган фестиваль алгач ирет 2018-жылы өткөрүлгөн. Бул жылы фестивалда Казакстандын гана эмес, Кыргызстан менен Өзбекстандын режиссерлорунун тасмалары көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий