• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык тасмалар Татарстандагы XV эл аралык кинофестивалга катышууда

Маданият 0

Бишкек, 25.04.19. /Кабар/. Кечээ, 24-апрелде Татарстандын Казан шаарында мусулман киносунун XV эл аралык фестивалы башталды. Ага кыргызстандык тасмалар да катышууда.

Аталган фестиваль 24-30-апрель күндөрү болуп.

Фестивалга 21 өлкөнүн 55 тасмасы тандалып алынган. Алардын арасында Россия, Франция, Германия, Сербия, Португалия, Исландия, Босния жана Герцеговина, Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан ж.б. өлкөлөрдүн тасмалары бар.

Белгилей кетсек, аталган фестивалда Кыргызстандын атынан Айбек Дайырбековдун "Дарак ыры", Таалайбек Кулмендеевдин "Мунабия" тасмасы, кыска метраждуу тасмалардан Айзуура Иманалиеванын "Кумайык" жана Ибадылла Ажибаевдин "Мугалим", Мээрим Догдурбекованын "Бакыт" тасмасы көрсөтүлөт.

Ошондой эле, фестивалдын сайтында айтылгандай иш-чаранын алкагында 27-апрелде атактуу режиссер Болот Шамшиевдин "Ак кеме" тасмасы көрсөтүлүп, режиссердун көрүүчүлөр менен чыгармачыл жолугушуусу өтөт.

Пикир

Оставить комментарий