• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык Татарстанда ири алдамчылык боюнча айыпталууда

Коом 0

БИШКЕК, 08.08.2017. /Кабар/. Казань шаарындагы Ново-Савиновск районунун прокуратурасы өзгөчө ири өлчөмдө көз боёмочулук боюнча айыпталып жаткан 37 жаштагы кыргыз жаранына каршы жазык иши боюнча коюлган айыптоолорду бекитти. Бул тууралуу республиканын прокурорунун жардамчысы Руслан Бариев билдирди.

Тергөө иштеринин версиясы боюнча, 2016-жылдын июлунда кыргыз жараны фирманын директоруна “Вольво” үлгүсүндөгү трактор сатып алууну сунуш кылган. Сатып алуу-сатуу келишимине кол коюлгандан кийин директор кыргыз жаранынын эсебине 2,8 млн рубль которгон,- деп жазат “Татар-информ”.

Бирок, кыргызстандык жаран акчаны алган соң тракторду башкаларга сатып жиберген. Суракта ал күнөөсүн моюнуна алган эмес. Кылмыш иши Савиновск районунун сотуна жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий