• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын тынчтык күчтөрү парламенттин макулдугу менен Казакстанга жөнөтүлөт - президенттин басма сөз катчысы

Коом 0

Бишкек, 06.01.22. /Кабар/. "Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылса, ЖККУнун уставына ылайык, Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлери Казакстан Республикасына жамааттык күчтөрдүн курамында тынчтык орнотуу иш-чаралары үчүн гана жөнөтүлөт", - деп билдирди президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

“Кыргызстандын тынчтык орнотуучу күчтөрү стратегиялык маанидеги объектилерди коргоо киришет. Биз кыргызстандык аскер кызматкерлери Казакстандагы акциянын катышуучулары менен эч кандай акцияга катышпай тургандыгын өзгөчө белгилеп кетишибиз керек”, - деди Султанбаев.

Пикир

Оставить комментарий