• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстандык Ульяна Овчинникова көркөм гимнастика боюнча эл аралык мелдеште күмүш медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Кыргызстандык жаш спортчулар Казакстандагы көркөм гимнастика боюнча эл аралык мелдешке катышууда. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациясынан билдиришти.

"Айгөлек" атындагы мелдеш 14-18-декабрь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өтүүдө.

Мелдештин экинчи күнүнүн жыйынтыгында Кыргызстандын "Жаштык" спорт клубунун тарбиялануучусу Ульяна Овчинникова 10 жаштагылар арасында экинчи орунду ээледи.

Көркөм гимнастика боюнча жарышка Кыргызстан, АКШ, Өзбекстан, Индия, Испания, Украина, Россия жана Казакстандын 5 шаарынан спортчулар катышууда.

Пикир

Оставить комментарий