• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык ушу чеберлери Дүйнөлүк уруш өнөрлөрүнүн оюндарында ийгилик жаратты

Спорт 0

Бишкек, 03.09.19. /Кабар/. Түштүк Кореянын Чхунджи калаасында Дүйнөлүк уруш өнөрлөрүнүн оюндары өтүүдө. Ага 106 өлкөдөн 20 спорт түрү боюнча 3500 спорт чеберлери катышууда.

Ири иш-чаранын ачылышына БУУнун 8-башкы катчысы Пан Ги Мун, Эл аралык олимпиада комитетинин вице-президенти Юй Цзайпинг, актёр Уэсли Снайпс жана башка белгилүү адамдар катышты.

Спорттун ушу түрү боюнча "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунун окуучусу Кокумбек кызы Элес өзүнүн өнөрүн көрсөттү. Кокумбек кызы ушунун "багуачжан" стилин көрсөтүп, Гонконг жана Малазиянын спортчуларынан кийинки 4-орунду камсыздады. 2-3-орунду алган спортчулар бирдей көрсөткүчтү көрсөткөндүктөн кыргызстандык спортчу жалпы жыйынтыкта 3-орунга татыды.

Эскерте кетсек, Кокумбай кызы Элес Кытай, Россия жана башка мамлекетте өткөн бир катар чемпионатта өлкөнүн атын чыгарып келген. Дүйнөлүк уруш өнөрлөрүнүн оюндарында да кыргызстандык спортчу мыктылардын катарына кирди.

Пикир

Оставить комментарий