• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык Валентина Шевченко мыкты нокауттун ээси аталышы мүмкүн

Спорт 0

Бишкек, 06.12.19. /Кабар/. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC уюмундагы эң мыкты нокаут жарышына талапкер болууда. Бул тууралуу аталган уюмдун twitter баракчасында жарыяланды.

UFC уюму ушул жылдагы беттештердеги мыкты делген нокаутту күйөрмандардын тандоосуна койду. "Жылдын нокауту" аталышындагы наамга Хорхе Масвидал жана кыргызстандык Валентина Шевченко ат салышууда.

Шевченко чемпиондук курун сактап калуу үчүн америкалык Жессика Ай менен октагонго чыккан. Беттеш учурунда кыргызстандык мушкер буту менен атаандашынын башына тээп, аны нокаутка жиберген.

Пикир

Оставить комментарий