• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык Викрам Рузахунов бошотулду. УКМК маалыматты тастыктады

Коом 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Казакстанда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун бошотулганын тастыктады.

Белгилей кетсек, буга чейин Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары митингге катышуу үчүн Кыргызстандан келгенин айтып берип жаткан адамдын видеосун таратышкан. Анын сөзү боюнча белгисиз адамдар митингге катышуусу үчүн ага 90 миң тенге сунушташкан.

Кыргызстанда видеодогу адам таанылып, ал КР жараны Викрам Рузахунов экендиги аныкталды. Ал пианист, аранжировкачы жана “Джаз_Бишкек_Весна” фестивалынын аткаруучу директору болгон.

Туугандарынын маалыматы боюнча, кыргызстандык джаз музыканты Викрам Рузахунов Алматыга тез-тезден сапарга барып турган. Жакында ал концерттик программаны алып баруу үчүн Алматыга чакырылган. Алматыга баруу үчүн билет 2021-жылдын 16-декабрында сатылып алынган жана Алматы шаарына 2-январь күнү 20:00дө учуп кеткен.

"Аэропортко аны энеси Кундузхан Розахунова менен Кундузхандын небереси Бишкекте ИПАМ компаниясында программист болуп иштеген Аскат Сериков коштоп барган. Алар Казахстанда эч кандай туугандары жоктугун маалымдап, Алматыга концерттик программаларды жана музыкалык фестифалдарга катышууга гана барып жүргөндүгүн билдиришкен", - деп белгилешти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий