• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык волейболчу Таиланддын чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 18.03.19. /Кабар/. Таиланддын "Эйр Форс" волейболдук клубунда ойногон кыргызстандык спортчу Роман Шилов Таиланддын чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Волейбол федерациясынан билдиришти.

Мелдештин финалы 17-мартта болуп өткөн. Анда "Эйр Форс" командасы "Даймонд Фудс Сарабури" клубу менен ойногон. Алар атаандаштарын 3:1 эсебинде утуп алышкан.

Белгилей кетсек, "Эйр Форс" өткөн сезондо экинчи орунду алган. Анда бул команданын катарында башка кыргызстандык спортчу Оңол Каныбек уулу ойногон.

Пикир

Оставить комментарий