• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык волейболчу Темир Муса уулу карьерасын Тайландда улантат

Спорт 0

Бишкек, 05.12.19. /Кабар/. Волейбол боюнча Кыргызстандын курамасынын жана шаардык "Улар" командасынын оюнчусу Темир Муса уулу карьерасын Тайландда улантат. Бул тууралуу Кыргызстандын Волейбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Муса уулу Тайланддын "Эйр Форс" командасына өттү.

"Эйр Форс" командасы мурунку сезондо Тайланддын биринчилигинде алтын медалды жана Супер лигада күмүш байгени жеңип алган. Бул сезондо дагы бир кыргызстандык Роман Шилов аталган командада ойногон.

Ошондой эле 2017-2018-жылкы сезондо "Эйр Форс" командасынын катарында Кыргызстандын курамасынын капитаны Оңол Каныбек уулу оюн өткөргөн.

Пикир

Оставить комментарий