• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандык волейболчулар Азиянын чакырык кубогунда күч сынашат

Спорт 0

Бишкек, 25.08.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Ысык-Көлдө эркектер арасында волейбол боюнча Азиянын чакырык кубогу өтөт. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинен билдиришти.

Мелдеш 29-августтан 3-сентябрга чейин Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” комплексинде болот.

Азиянын чакырык кубогу үчүн Өзбекстан, Монголия, Сауд Аравия жана Кыргызстандын курама командасы ат салышат.

Эскертке кетсек, үстүбүздөгү жылы кыргызстандык волейболчулар Борбор Азиянын чакырык кубогун жеңип алган. Анда Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын командалары оюн өткөргөн.

Кыргызстандын курамасы волейбол боюнча Борбор Азиянын чакырык кубогун жеңип алды.

Пикир

Оставить комментарий