• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандык волейболчулар Россиядагы мелдеште коло медаль жеңишти

Спорт 0

Бишкек, 12.11.19. /Кабар/. Волейбол боюнча Кыргызстандын курамасы Россиядагы Анатолия Таранцанын элесине арналган ардагерлер арасындагы мелдеште үчүнчү орунга татыды. Бул тууралуу Кыргызстандын Волейбол боюнча федерациясынан билдиришти.

Мелдеш 3-8-ноябрда Россиянын Петропавловск шаарында өттү. Алтын медаль үчүн 4 команда күч сынашкан.

Кыргызстандык волейболчулар Хабаровск шаарынын курамасын 2:0 эсебинде жеңип чыгышты. Камчатканын командасына 2:0 эсебинде утулуп калышкан. Акыркы оюнда Ыраакы чыгыш федералдык аймактын спортчуларына 2:1 эсебинде жеңилишкен.

Мелдештеги оюндардын негизинде Кыргызстандын волейболчулары коло медалга татыган.

Пикир

Оставить комментарий