• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык ырчы С.Аширова Украинанын “Голос” шоусунун 7-сезонунан өттү

Маданият 0

Бишкек, 20-февраль /Кабар/. Кыргызстандык ырчы Салтанат Аширова Украинанын “Голос” шоусунун 7-сезонунан өттү.

Мында Джамала, Потап, Тина Кароль жана Сергей Бабкин калыстык кылып жатышкан. Ырчы Alicia Keysтын «Fаllin» ырын аткарып берген. Акыркы мүнөттөрдө ага 4 калыстын экөө – Джамала менен Потап кайрылышкан.

Джамала ырдын бир кайрыгына көңүлү толбогондугун айтып, кайра ырдоону буйруп, эгер жакпаса долбоордун эрежесине карабай кетээрин айтат. С.Аширова кайра ырдайт, бирок Джамала башка калыстардын мактоосуна карабай “бул таймашка катышпайсың” дейт. Потап өз кезегинде долбоордун эрежесин эске салып, кыргызстандык ырчыга өзү чечим кылууну сунуш кылат. С.Ашированын кааалоосу менен ал кийинки турга өтөт жана Потаптын командасында калат. Көшөгөнүн артынан ал Джамаланын мындай “экзаменине” эч бир таарынбагандыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий