• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандык Ысык-Көлдү легендарлуу Тору-Айгырдын жолу аркылуу сүзүп өттү

Аймак 0


Бишкек, 7-август /Кабар/. Кыргызстандык Эркин Асрандиев Ысык-Көлдү легендарлуу Тору-Айгырдын жолу менен сүзүп өттү.

5-августта Асрандиев түштүк жээктеги Кара-Талаа айылынан түндүк жээктеги Тору-Айгыр айылына чейин сүзүп өткөн.

“Аралык 15,1 км болду. Сүзүүгө 5 саат 24 мүнөт кеткен. Убакыттын тар болгонуна карабастан, ал машыгууга жетишип, мыкты натыйжа көрсөттү”, - деп билдиришти Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан. Мында Асрандиев башкаруу мүчөсү болуп саналат.

2016-жылы жайында көлдүн ушул эле жеринен Кыргызстандагы АКШ элчилигинин кызматкери Майк Тайсон сүзүп өткөн.

Пикир

Оставить комментарий