• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык жөө күлүк Мария Коробицкая Токиодогу Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 07.12.20. /Кабар/. Кыргызстандык жөө күлүк Мария Коробицкая жана Илья Тяпкин Ташкент эл аралык марафонунда байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинен билдиришти.

Коробицкая 42 км 195 метр аралыкта жүгүрүп, алтын медалдын ээси болду. Ал маарага 2 саат 26 мүнөт 42 секундда келди. Илья Тяпкин ушул эле аралыкта 2 саат 16 мүнөт 7 секундда келип, күмүш медалды жеңди.

Белгилей кетсек, Токиодогу Олимпиада оюндарына лицензия алуу үчүн кыз-келиндер маарага 2:29:30 секундда, эркектер 2:11:30 секундда келиши керек эле. Мындан улам Мария Коробицкая Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды.

Пикир

Оставить комментарий