• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык "Жөө күлүк" тасмасы "Ника" кино сыйлыгына көрсөтүлүүдө

Маданият 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Кыргызстандык "Жөө күлүк" тасмасы "Ника" кино сыйлыгына көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Быйыл Россиянын улуттук "Ника" кино сыйлыгы 2019-жылы тартылган тасмаларга берилет.

Режиссер Мирлан Абдыкалыков тасмасы "КМШ, Грузия жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасма" болууга ат салышууда. Бул номинацияда Эстония, Грузия, Армения жана Казакстандын тасмалары да көрсөтүлгөн.

Жеңүүчүлөрдүн аттары 29-март күнү айтылып, сыйлыктар тапшырылат.

Белгилей кетсек, Мирлан Абдыкалыков "Ника" сыйлыгын алууга биринчи ирет ат салышып жаткан жок. 2016-жылы анын "Сүтак" аттуу тасмасы – Кыргызстандан алгачкы ирет – "КМШ, Грузия жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы" сыйлыгын алган.

Пикир

Оставить комментарий