• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстандык жөө күлүктөр Белорусияда өткөн биринчиликте 2 медаль багындырышты

Спорт 0

Бишкек, 03.09.19. /Кабар/. Кыргызстандык жөө күлүктөр Белорусияда өткөн жеңил атлетика боюнча биринчиликте 2 медалга татыды. Бул тууралуу Белорусиянын аталган спорт боюнча федерациясынан кабарлашты.

Турнир 29-31-август күндөрү Минск шаарында болуп өттү.

Дарья Маслова 10 миң метр аралыкка чуркап, алтын медаль тагынды. Анын маарага келгендеги убактысы 32 мүнөт 21 секундду түзгөн.

Кыргызстандын куржунуна экинчи медалды Мусулман Жоломанов 1500 метр аралыкка жүгүрүп, коло медалды багынтты. Анын убактысы 3:44 секунд.

Ушул эле аралыкта Нурсултан Кеңешбеков тогузунчу орунду камсыздады. Ал эми, 5 миң метр аралыкта мекендешибиз төртүнчү орунга илинди.

Пикир

Оставить комментарий