• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстандык жеңил атлетчилер эл аралык мелдеште эки медаль тагынышты

Спорт 0

Бишкек, 21.01.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Олимпиада чемпиону Ольга Рыпакованын байгелери үчүн өткөрүлгөн жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеште эки медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.

Жарыш 19-январь күнү Усть-Каменогорск шаарында (Казакстан) өткөн. Ага Украина, Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Грузия, Түркия, Армения, Беларусь, Казакстандан 300 жөө күлүк катышкан.

Кыргызстандык спортчу Анна Буланова 60 метрге жарышууда күмүш жеңсе, 3 миң метрлик жарышта чуркаган Данияр Артыкбаев коло медаль тагынган.

Сүрөт: altaynews.kz.

Пикир

Оставить комментарий