• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык жөө күлүктөр эл аралык жарышта 3 алтын байге утушту

Спорт 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларуста өткөн жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеште 3 алтын жана 3 күмүш байге алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 29-февралдан 1-мартка чейин Минск шаарында болуп өткөн. Жарышка 5 өлкөнүн спортчулары катышкан.

Айнуска Калил кызы 1,5 миң метр жана 800 метр аралыктагы жарышта алтын алган. Ошондой эле дагы бир жөө күлүк Сайкал Батырбекова тоскоолдуктар менен 60 метрге болгон жарышта алтын уткан.

Карина Данилина 60 метр жана тоскоолдуктар менен 60 метрге болгон жарышта экинчи орунду алган. Ошондой эле Анастасия Бондаренко 200 метр аралыктагы жарышта күмүш медаль тагынган.

Пикир

Оставить комментарий