• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстандык жөө күлүктөр Казакстандан 7 медаль менен кайтышты

Спорт 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү “Гусман Косанов мемориалы” салттуу эл аралык мелдешинде 6 медаль жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мелдеш 19-20-июнь күндөрү Алматы шаарында өттү.

Мелдешке 13 өлкөдөн 200дөн ашык спортчу катышты. Ал эми Кыргызстандан башкы машыктыруучу Айбек Сыргакбековдун жетекчилиги алдында 12 спортчу күч сынашты.

Жыйынтыктар:

Алтын – Нурсултан Кеңешбеков, 1500 метр аралыкта (3:44.31);
Алтын – Нурсултан Кеңешбеков, 5000 метр аралыкта (14:48.47);
Алтын – Мусулман Жоломанов, 800 метр аралыкта (1:51.25);
Күмүш – Гулшаной Сатарова, 1500 метр аралыкта (4:36.39);
Коло – Самат Казакбаев, 1500 метр аралыкта (3:55.87);
Коло – Бердигул Айтпай уулу, 5000 метр аралыкта (15:16.54).

Пикир

Оставить комментарий