• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык жаа атуучулар Азия кубогунда 11 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын жаа атуу боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстанда өткөн Азия кубогунда 11 медаль жеңди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Шымкент шаарында өткөн мелдеште кыргызстандык спортчулар алты алтын, беш күмүш жеңип алды.

Мелдеш 19-22-март күндөрү өтүп, 13 мамлекеттен келген 153 спортчу катышты. Чемпионат алтай (кыргыз эрежеси), түрк жана казак эрежелери боюнча өттү.

Кыз-келиндер арасында Асел Садырова түрк эрежеси боюнча 1-орун, алтай стилинде 2-орунду ээледи. Ал эми Улан Араев түрк стилинде жана алтай стилинде 1-орунду камсыз кылды. Ынтымак Мурадил уулу түрк жана алтай стилинде 2-орунду ээлеген.

Түрк путасы боюнча Улан Араев 1-орун, Ынтымак Мурадил уулу 2-орун жана Асел Садырова 1-орунду ээлешти. Алтай путасы боюнча Улан Араев 1-орун жана Ынтымак Мурадил уулу 2-орунду камсыз кылышты.

Белгилей кетсек, жаа атуу боюнча улуттук курама командасы командалык эсеп боюнча экинки орунду ээледи.

Пикир

Оставить комментарий