• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык жаачы Асланайым Аширова Сауд Аравиядагы фестивалда бутунан оор жаракат алды

Коом 0

Бишкек, 10.03.19. /Кабар/. Кыргызстандык жаачы кыз Асланайым Аширова Сауд Аравиядагы Camel Fest фестивалына даярдык көрүп жаткан учурда бутунан оор жаракат алды. Учурда ал Эр-Рияд шаарындагы ооруканалардын биринде жатат жана керектүү дарыларды алууда, - деп жазган Бүткүл дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясынын өкүлү Айнура Темирбекова өзүнүн фейсбуктагы баракчасына.

"Асланайым Аширова Салбуурун конфедерациясынын курамында фестивалга келген. 2019-жылдын 8-мартында фестивалга даярдык көрүп жатканда ал өзү билемдик менен атка минип, бутун оорутуп алган. Буга чейин катышуучулардын бардыгына коопсуздук техникасы боюнча сабак өтүлүп, каскадер эместер атка минбегиле деген тапшырма берилген", - деп жазат Темирбекова.

Дүйнөлүк Этно оюндардын конфедерациясы кырдаалга дароо көңүл буруп, жаачы кызга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Андан соң Асланайым Аширова Сауд Аравиянын King Saudi Medical City королдук ооруканасына жеткирилген. Маалыматка ылайык, ага дарыгерлер "кыр сөөгү сынып кеткен" деген диагноз коюшкан.

Темирбекова дарылануу камсыздандыруу полиси жок эле акысыз болорун кошумчалады.

КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен Ашировага операция эң жогорку деңгээлде өткөрүлмөкчү деп билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий